• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

3 Баш оона 202116:16 Бишкек Govori.TV

Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) финалга чыкты.

Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кез келип, 10:0 эсебинде таза жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, биринчи беттешинде Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшкөн.  Аны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Тыныбекова румыниялык Криста Тунде Инцзе менен күрөшүп, атаандашынын далысын жерге басып таза жеңишке жеткен.

Айсулуу Тыныбекова учурда 29 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку  чемпиону.

Количество просмотров: 819