• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токио-2020: Каныкей Кубанычбекова 48-орунду ээледи

24 Теке 2021 10:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Жапонияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында спорттун пневматикалык мылтыктан 10 метрге ок атуу түрүнөн мелдешке чыгып, 48-орунду ээледи.

Ок атуу боюнча мелдеш 24-июлда Жапониянын Осака шаарында өтүп, 10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы квалификациялык мелдешке 50 спортчу катышты. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5:30да башталды.

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова мелдеште 612,8 упай топтоп 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи. Мелдештин финалдык бөлүгүнө чыгуу үчүн спортчу 628,5 упай топтош керек болчу.

10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы мелдештин финалдык бөлүгүнө сегиз спортчу чыгып, жыйынтыгында кытайлык спортчу Цянь Ян 251. 8 упай менен алтын байгенин ээси болду.

Күмүш байгени 251. 1 упай менен орусиялык Анастасия Галаш утуп алды. Швейцариялык Нина Кристен 230.6 упай менен үчүнчү орунга ээ болду.

Количество просмотров: 114