• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Токио-2020: Кыргызстандык спортчулар 24-июлдан тарта мелдештерге чыга баштайт

23 Теке 2021 20:12 Бишкек Govori.TV

Жайкы Олимп оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчулар 24-июлдан тарта мелдештерге чыга баштайт. Биринчилерден болуп Каныкей Кубанычбекова 24-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 5:30 ок атуу боюнча мелдешке катышат.

Кыргызстандан 16 спортчу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн беш, грек-рим күрөш боюнча төрт, жеңил атлетикадан эки, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар:

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Роман Петров, Бакдөөлөт Расулбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов.

Количество просмотров: 171