• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токиодо Олимпиада оюндары башталууда

23 Теке 2021 14:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жапониянын баш калаасында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи болот. Токиодо коронавирус жуктургандар көп катталып жатканына байланыштуу иш-чара бир катар чектөөлөр менен өтөт.

Июлдун башында шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу спорттук мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөөрү кабарланган.

Уюштуруучулар Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө баштала турган ачылуу аземине 950дөй киши, анын ичинде 15 өлкөнүн лидери катышарын билдиришти.

Оюндардын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат.

Олимпиадага дүйнөнүн 200дөн ашуун мамлекетинен 12 миңден көбүрөөк спортчу катышууда. Кыргызстандан 16 спортчу бар. Алар 24-июлдан тарта күч сынаша баштайт.

Количество просмотров: 161