• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Токмокко жакын жерде жол кырсыгы катталып, 8 адам көз жумду

28 Бугу 202310:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 78-чакырымында Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, атайын техника (унаа-манипулятор) менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесептинен 8 адам, анын ичинде эки бала көз жумган.

Количество просмотров: 160