Токмокто 14 жаштагы кыз көп кабаттуу имараттан кулап, каза болду. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 3-июль күнү “102” кызматына Токмок шаарында бүтө элек көп кабаттуу имараттан өспүрүм кыз кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 14 жаштагы Б.А. аттуу кыздын жансыз денесин табышкан.
Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.