• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Токмокто 15 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталганын билдирди

18 Бештин айы 2020 11:32 Бишкек Govori.TV

5-декабрь күнү Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар кайрылып, алар ызы-чуу салган кошуналарына арызданышкан. Милиционерлер окуя болгон жерге барышып, 15 жаштагы “А.С.” аттуу кыз апасы жана эжеси менен урушуп жатканын такташат. Кыз 2018-жылдын август айында өгөй атасы тарабынан зордукталганын билдирген.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Токмок шаарында өгөй атасы тарабынан зордукталды деген өспүрүм кыздын окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 5-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Токмок шаарынын ИИБдүн ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке чыгышкан.

«Териштирүү учурунда 2005-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм кыз 2018-жылдын август айларында өгөй атасы тарабынан зордукталганын айтып, апасы жана эжелеринин бири болуп, ич ара урушуп жатышкан. Белгилеп коючу жагдай, өспүрүм кыз, апасы жана жакын тууганы ички иштер органдарына арыз жазууга каршы болушуп, алар үй-бүлөнүн ичиндеги көйгөйдү ич ара чечип алууну айтышкан. Бирок, милиция кызматкерлери тарабынан бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-беренеси
(Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ошол эле учурда өспүрүм кыз, апасы жана туугандарынын бири ички иштер органдарына жеткирилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң өспүрүм кыз, үйүнө апалары менен бирге кайтуудан баш тарткан. Токмок шаарынын ИИБдүн жаш өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясы кызды атайын өспүрүмдөр жашоочу жайга жайгаштыруу боюнча Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан кыздын апасы жана өгөй атасы суралып, алар зордуктоо фактысы болбогонун билдиришкен.

Бул окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө иш амалдыр жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 2591