• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Токмокто атышуудан ок жедим деген бир адам президенттен коопсуздугун камсыздап берүүнү өтүндү

29 Үчтүн айы 201910:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.01.2019.Govori.TV.

YouTube каналына Токмок шаарына жакын жайгашкан «Токмок» көзөмөл өткөрүү жайындагы атышуудан ок жедим деп бир адам, жараатын көрсөтүп президентке кайрылды.

https://www.facebook.com/bespredelKG/videos/vb.1598476943723854/226890381594372/?type=2&theater

Буга чейин айрым маалымат каражаттары 25-январда түнкү саат үч менен таңкы саат бештин ортосунда аталган өткөрүү пунктунда аткезчилер менен чыр-чатак чыгып, атышуу болгонун жазышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы “Токмок автожол” өткөрүү пунктунда атышуу болгону тууралуу кабарды төгүнгө чыгарды.

Ал эми, аталган факты боюнча Чүй облустук милициясына жабыркагандардан бир дагы арыз түшкөн эмес, деп билдирди. Бирок ЖМКларга ошол күнкү жарыяланган маалыматтардан улам Бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш кодексинин 266-беренесинин негизинде иш козголгон. Андан соң сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Количество просмотров: 11