• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токмокто балыктардын кырылып жатканынын себеби айтылды

24 Үчтүн айы 2022 14:13 Бишкек Govori.TV

Буга чейин ЖМКлар Токмок шаарында массалык түрдө балык кырылып жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Бүгүн, 24-январда “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Балык чарба ассоциациясынын төрагасы Урмат Жумалиев болгон окуя тууралуу айтып берип, Токмоктогу балыктар массалык түрдө кырылган эместигин айтты.

Жумалиев балыктар кырылып баштаганда эмне оору экени белгисиз болгонун айтат.

“Алгач балыктар жем жебей, алсырай баштаган. Адистердин жардамы менен ооруну аныктап алдык. Көрсө, бир клеткалуу организм болгон экен. Адистердин берген кеңеши боюнча учурда сууга туз кошуп профилактика кылуудабыз. Ошондой эле балыктар жүргөн бассейн туура эмес салынып калган. Мындан улам 8 чарба жабыркаган. Бул тармакта жаңы иштеп баштагандар коркуп балыктарын массалык сата баштагандыктан анын баасы түшүп кеткен. Эл арасында дагы балык массалык кырылып жатат деген ушактар пайда болгон. Чындыгында массалык өлгөнү боюнча далил жок”, — дейт ал.

Количество просмотров: 3162