Чүй облусунун Токмок шаарында мончодон өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, мончодон чыккан өрттөн унаалар дагы күйгөн.
«29-апрелде Токмоктогу көчөлөрдүн биринде мончодон өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен мончо толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле Ситроен жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаалар күйгөн. Жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн себеби такталууда.