• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Токмоктогу ок атышуу тууралуу милиция маалымат берди

26 Үчтүн айы 201915:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.01.2019.Govori.TV.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы айрым ЖМКдын Токмок шаарынын четиндеги Дунларов көзөмөл-өткөрмө пунктунда аткезчилердин ок атышуусу болгондугу жөнүндөгү маалыматына комментарий берди.

«Чүй ОИИБге 24-январдан бүгүнкү күнгө чейин ок атуучу курал колдонулган кылмыштар жөнүндө кандайдыр бир билдирүүлөр катталган эмес. Мындан тышкары Чүй облустук аймактык ооруканасынан октон жаракат алган адам түшкөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок ЖМКда жарыяланган маалымат кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталган.

Видео кактус медиа

«Милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн аракеттерди көрүп жатат», — деп билдирди милиция.

ЖМКлар 25-январда Токмок шаарынын четиндеги Дунларов көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унааларды көзөмөлгө алууга аракет кылган адамдар ок атышкандыгы жөнүндө жазышкан. Ок атышуудан 1 адам жаракат алганы белгиленген болчу.

Количество просмотров: 11