• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Токмокто уурулукка шектүү жаран кармалды

15 Бештин айы 20219:12 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарынын аймагында өткөрүлгөн алдын алуу рейд иш-чаралары учурунда милициянын аймактык тескөочүлөрү тарабынан 1984-жылы туулган Б.Т. уурулук кылмышына шектүү катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бул факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 5-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөө кирип, унаасынын дөңгөлөгүн жана азык-түлүгүн уурдап кеткенин билдирген.

Ал арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 74