• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Токмокто жаңы спорт комплексинин курулушу башталды

30 Кулжа 202517:12 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарында жаңы спорт комплексинин курулушу башталды. Иш-чарага курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Нурдан Орунтаев Токмок шаарынын тургундарына жаңы спорт комплексининин долбоорун тааныштырып, бир катар суроолорго жооп берди. Жолугушууга Токмоктун жаңы мэри Алтынбек Эргешов да катышты.

Мындан сырткары, В.Ф.Марков атындагы № 1 орто мектебинин жанына салынып жаткан 375 орундуу кошумча корпустун курулуш иштери менен таанышты.

Ошондой эле Токмок шаарындагы 1989-жылы салынып бүтпөй, кароосуз калган мектеп жана бала бакчанын абалы менен таанышып, объектилердин үстүнөн иш алып барыларын билдирди.

Количество просмотров: 152