ӨКМдин Токмок шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери жана өрттү көзмөлдөө кызматынын Бишкек шаардык жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлору менен бирге Токмок шаарындагы “Булак” базарын пландан тыш текшеришти.
Текшерүүнүн негизинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталып базар жетекчилигине, соодагерлерге, ашкана ээлерине акт, протоколдор түзүлүп, эскертүү беришти.