• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Токмоктук граф» каймана аттуу Ибрагимов акыркы сапарга узатылууда

4 Бирдин айы 2021 13:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-февралда Токмок шаарында миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркум Кыргызстанда «Граф» каймана аты менен таанымал.

Буга чейин бизнесмен Бельгияда коронавирустан каза болгондугу айтылган. Ал COVID-19 вирусун Казакстанда жуктурган. Ден соолугу качарлап кеткендиктен Бельгияга дарыланууга барган.
Маркумдун Киргизия көчөсүндөгү үйүнө базар тараптан барчу жол жабылды. Милиция кызматкерлери ал жактан унааларды өткөрбөй, көчөнү айланып өтүүнү сунуштап жатышат.

Маалыаттарга ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген адамдардын катарында Ибрагимовдун бизнес-өнөктөштөрү — кыргызстандык ишкерлер Александр Машкевич менен Патох Шодиев, саясатчы Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Мирбек Мияров бар.

Буга чейин анын сөөгүн алып кетип бара жаткан унаалар топтомунун видеосу жарыяланган болчу.

Количество просмотров: 1268