• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Токтакунов: Дача-Су боюнча жыйынтык шашылыш кабыл алынып калды

5 Бештин айы 2022 14:43 Бишкек Govori.TV

Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын корутундусу менен 2022-жылдын 1-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары таанышып чыкты. Депутаттарга комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маалымат берип, Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгонун, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыкканын айтты.


Бул тууралуу аталган комиссияга мүчөлүк кылган укук коргоочу Нурбек Токтоканов жыйынтык шашылыш чыгып калганын айтты. Анын пикири боюнча жүргүзүлгөн иш боюнча кеңир талкуу жүргүзүлсө болмок.


Толугу менен бул жактан көрүңүз:

Кошумчалай кетсек, 18 киши курамына кирген коомдук комиссия президенттин демилгеси менен быйыл май айында түзүлгөн.

2017-жылдын 16-январында эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Кырсыкта 35 тургун (алардын 17си балдар) жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары болчу.

Түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан.

Количество просмотров: 388