• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токтогазиев: Биз октябрь окуяларынын чыныгы идеясын уттуруп ийдик…

5 Тогуздун айы 2021 20:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрда 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин болгон элдик толкундоого бир жыл толду.

Бул бир жыл аралыгында өлкөдө кандай өзгөрүүлөр орун алды? деген сыңары суроолор коомдо байма-бай берилүүдө.

Ал эми октябрь ыңкылабынын катышуучусу Тилек Токтогазиевдин айтымында мыйзамсыздыкка каршы чыккан эл мүдөөсүнө жеткен жок.

Ал белгилегендей октябрдагы окуялардын чыныгы идеясы ишке ашкан жок.

«Тилекке каршы өлкөбүздө үчүнчү ирет революция болду, бирок көп өзгөрүү болгон жок. Бирок ошол кезде үмүт бар эле. Биз жаштар чогулуп аянтка чоң үмүт менен барганбыз. Люстрация кылабыз деген идея менен чыкканбыз. Ошол учурда бир топ жаштар келип, «Тилек мына көптөгөн иштер жасалып жатат, силер муну алдырып ийбегиле, уурдатып албагыла, башкалар колдонуп кетпесин» деп айтышкан болчу. Мен азыр ошол жаштардан кечирим сурап кетмекчимин. Биз люстрация болсун деген идеябызды, октябрь окуяларынын чыныгы идеясын уттуруп ийдик», — дейт Тилек Токтогазиев.

Количество просмотров: 1118