• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү көбөйдү

12 Бугу 20219:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 454 млн куб метрди түзүүдө. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтында маалымдалат.

Ушул тапта суунун агып келиши секундасына 1204 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 255 куб метрге жетүүдө.

Быйыл апрель айында Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,5 млрд куб метрге чейин азайган.

Количество просмотров: 311