• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Экономика министри: Кыргызстан менен Малайзиянын соода жүгүртүүсү 19-20 миллион доллардын тегерегинде

15 Бугу 2024 11:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 19-20 миллион доллардын тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

«Негизи азыр Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда соода жүгүртүү анча чоң көлөмдө эмес. Деген менен өсүү темпи байкалууда. Өзүңүздөр билгендей, Малайзия нефть продукцияларын кайра иштетүүдө чоң тажрыйбасы бар. Биз тараптан карым-катнашты күчөтүү сунушталып жатат. Алсак, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, айыл чарба багыты, нефть продукцияларын кайра иштетүү жаатында кызматташууну сунуштаганбыз. Мындан тышкары туризм тармагында дагы алакабыз акыркы эки жылдан бери бекемделип жатат», — деди Амангелдиев.

Малайзиянын премьер-министрини Кыргызстанга Борбор Азияга сапарынын алкагында келди.

Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан. Азияда тез өнүккөн бул өлкө менен Кыргызстан соода-экономикалык байланышты күчөтүү керектигин билдирип келет.

2021-жылы эки өлкө Кыргызстанда Адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн “Адал-парк” ачуу максатында эт адал-паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоорун талкуулашканы кабарланган. Долбоордун ишке ашканы тууралуу маалымат жок.

Количество просмотров: 59