• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү канча?

15 Жалган куран 2024 12:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 319 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 169 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 659 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Количество просмотров: 287