Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы Токтогулда шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Болот Дүйшөналиев кармалганын маалымдады.
Милициянын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 11-октябрь күнү Болот Дүйшөналиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылууларынын аракетинде митинг форматындагы массалык башаламандыктарды уюштурууга чакырыктар бар экендиги боюнча маалымат алынган. Козголгон кылмыш ишинин негизинде 2-ноябрь күнү аталган талапкер шектүү катары кармалган.
Ал эми Жалал-Абад шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, ал 22-ноябрга чейин камакта калды.
Бул жагдай депутаттыкка талапкердин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча суроолорду жаратууда. Алсак, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 17-беренесиндеги «Талапкерлердин статусунун» 10-пунктунда, «Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбай» турганы жазылган.
Талапкер кылмыш жасаган жеринде кармалганбы? — деген суроого Жалал-Абад ОИИБИ «кылмыш жасалган жеринде жоопкерчиликке тартылып жатат» деп билдиришти.
Ал эми БШК бул боюнча комментарий берген жок.