• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токтогулда мугалимдер жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду

15 Чын куран 2023 17:53 Бишкек Govori.TV

Токтогул районундагы К.Чокоев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери жол кырсыгына учураган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

post.title

Ага ылайык, учурда 2 мугалимдин абалы оор 3 мугалим хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Тилекке каршы, мектептин математика мугалими Сүйүнбү Момунбаева алган жараттарынан улам каза болду.

«Билим берүү жана илим министрлиги Токтогул районунда мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгын терең кайгыруу менен кабыл алды.

Буга байланыштуу министрлик маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт»,-деп жазылат маалыматта.

Ошол эле учурда жабыр тарткандардын батыраак сакайып кетүүсүн тилейт.

Количество просмотров: 264