• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Токтогулда тургун баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды

27 Жалган куран 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

Токтогул районунун тургуну гашиш жана марихуана баӊгизатын сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан облус аймагында М. каймана аттуу жаран баңгизат сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

“17-мартта саат 23:40тар чамасында Токтогул районунан 51 жаштагы А.У. аттуу жаран 10 даана ширеңке кутучасынын формасындагы кара-күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар затты, 1 литрлик банкага салынган марихуанага окшогон затты сатып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле ал өз ыктыяры менен өзү жашаган үйдөн бир капка салынган марихуанага окшогон затты тапшырган.

Криминалистика кызматынын корутундусуна ылайык, ал зат 74 гр гашиш, 1 литрлик банкага салынган зат 178 гр марихуана жана бир капка салынган зат 7 кг марихуана экендиги аныкталган.

Кармалган жаран тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 317