• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Токтогулда жол кырсыгынан 2 киши каза тапты

28 Баш оона 202114:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 280-чакырымы — Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылы тилкесинде болгон. Оор жүк ташыган «VOLVO» унаасы менен «Honda Stepwgn» унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 жигит каза таап, 6 киши ар кандай жаракат алган.

Жерине барган ӨКМдин Токтогул райондук бөлүмүнүн 5 куткаруучусу каза тапкандарды райондук моргго жеткиришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды «Тез жардам» кызматы алып кеткен.

Количество просмотров: 160