• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

25 Бирдин айы 202111:40 Бишкек Govori.TV

Узакка созулган оорудан улам көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 25-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Токтоналы Сейталиев 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги, татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган.

Опера арияларынан тышкары анын камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген.

Токтоналы Сейталиев 1937-жылы 3-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган.

Количество просмотров: 99