• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Токторбаев: Байсалов депутаттыкка койсо 100 добуш ала албайт

9 Бирдин айы 2022 10:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго нааразы болду.

Анын айтымында, Байсаловдун депутаттардын дарегине айтып жаткан сөздөрү боюнча тартипке чакырып коюу керек.

«Мындай карап көргөндө Эдил Байсалов өлкөдөгү төртүнчү адам. Депутаттарды мыскылдап, шакабалап сүйлөөгө ким уруксат берди. Биз депутатпыз. Бул жерде элдин добушун алып келген өкүлдөр олтурат. Алды 25 миң добуш алса, арты 7 миң добуш алган. Андай кыйын экен депутат болуп келбейт беле. Ал депутаттыкка койсо 100 добуш албайт, эч ким аны сыйлабайт, урматтабайт. «Кылыбыз кыйшайбайт» деп кыйкырып, депутаттарды мазактап жатат. Анын жүрүм-турумун кароо керек», — деди депутат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алып, аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылышкан эле.

Ал эми депутат Исхак Масалиев болсо кызмат адамдарына парламентти сындоого мыйзам тыюу саларын белгилеп, Эдил Байсаловго чара колдонулушу керектигин билдирди.

Количество просмотров: 223