• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Толубай Колубаевден “бийликти күч менен басып алуу” айыбы алынып салынды

18 Жалган куран 2019 13:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

Элдик парламенттин мүчөсү Толубай Колубаевден “бийликти күч менен басып алуу” айыбы Жогорку сот тарабынан алынып салынды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Толубай Колубаевдин жаза өтөө мөөнөтү беш жыл деп белгиленди.

Саясий туткундар комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаевдин айтымында, жакынкы күндөрдө Колубаевдин айып мөөнөтүн кыскартуу маселеси каралат.

Эске салсак, 2016-жылдын май айында УКМК кылмыш ишин козгоп, сот элдик парламенттин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Толубай Колубаевди 14 жылга, Марат Султановду он жылга, Тойгонбек Калматовду шарттуу алты жылга, Александр Гусевди шарттуу алты жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 2