• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга 100 млн. сомдон ашык зыян келтирген

12 Бугу 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

Тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга 100 млн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын төлөбөгөнүнө карабастан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы тоо-кен тармагындагы «Ч.З» жабык акционердик коомуна өндүрүш үчүн жерди убактылуу пайдаланууга күбөлүк жана 726 гектар жер тилкесин берип жиберген. Аны менен катар, «Кадастр» мекемесинин жогорудагы филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 млн 624 миң 620 сом деп эсептелинген.

«Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын өлчөмү 133 млн 739 миң 682 сом экени такталган. Буга байланыштуу облустук прокуратура тарабынан «Ч.З.» ЖАКына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалына карата сотко доо арыз киргизилген. Чаткал райондук соту доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, жогорудагы тараптардан 103 307 003 сом өндүрүү жөнүндө чечим чыкты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 61