Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кашка-Суу жайлоосунда мыйзамсыз тоо теке аткан мергенчи кармалды. Бул тууралуу Турмуш маалымат булагы жазып чыкты.
Бул окуя боюнча Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, мергенчи күнөөсүн мойнуна алган. Азыркы күндө териштирүү иштери улантылууда.
Эске салсак, тоо текелер, кийиктер күз айларында көбөйүшөт. Буга байланыштуу бул айларда мындай жаныбарларды атууга тыюу салынган.