• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тоого чыгып кетишкен. Ысык-Көлдө орусиялык 2 жаран изделүүдө

16 Тогуздун айы 202210:18 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө россиялык жарандар изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча кечээ Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Россия Федерациясынын 2 жараны байланыш жок дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган капчыгайга 4 куткаруучу унаа менен чыккан. Болжолдуу жайгашкан даректен аталган эс алуучуларды табышкан эмес. Мындан улам жерге жарык киргенде издөө-куткаруу ишин улантуу үчүн болжол менен саат 4тө кайтып келишкен. Бүгүн кайрадан жерине саат 07:25те Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу АКУ унаасы менен чыгып кетишкен.

Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 171