• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө

7 Бирдин айы 202412:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-9-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымы, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымындарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын, алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпоону эскертет.

Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз «112» кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Количество просмотров: 94