• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

27 Чын куран 2024 10:42 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейин кар көчкү кырдаалы, жаан-чачын күтүлүүдө.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда;
Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл.

«Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз “112” кызматына тезинен кабарлаңыз», -деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 117