• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тоолуу Карабакта куралдуу кагылышуулар уланууда

29 Тогуздун айы 2020 13:52 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын Башкы прокуратурасы акыркы суткаларда чек арага жакын жайгашкан шаарлар менен калктуу конуштарда 70ке жакын жай тургун каза болуп, 300дөн ашыгы жаракат алганын билдирди. Өз кезегинде Армения да аскер кызматкерлери менен жарандык адамдарын жоготконун жарыялады.

Баку Ереванды Азербайжандын бир нече районун, анын ичинде Тертер жана Барда шаарларын аткылоого айыптады. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, аткылоолордон 19 киши мерт болуп, дагы 60 жай тургун жаракат алды.

Ереван Тоолуу Карабак «Смерч» реактивдик системасы менен аткыланганын, кеминде бир киши өлүп, экөө жарадар болгонун билдирди. Армения тараптын маалыматына караганда, куралдуу кагылышуулар башталган бир айдан бери Ереван миңден ашык жоокерин жоготту.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Быйыл 27-сентябрда Тоолуу Карабакта куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин күнөөлөп жатышат.

Количество просмотров: 73