• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Тоолуу Карабактан Арменияга 19 миңдей киши жер которду

27 Аяк оона 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

Акыркы маалыматтар боюнча, Тоолуу Карабак аймагынан Арменияга 19 миң тургун көчүп келди.

Алардын эки жарым миңден ашыгы турак-жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Армения өкмөтү билдирди. 26-сентябрь күнү эртең менен облустун 13 миң 500 тургуну чыгып кеткени кабарланган.

Карабактан чыккандардын көбү Армениянын Азербайжан менен чектеш Сюник аймагындагы Горис шаарына токтошууда. Ал жерде качкындарды кабыл алуу борбору ачылды.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.

Количество просмотров: 59