• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Тоолуу Карабакта кайрадан ок атышуу болуп, тараптар бири-бирин айыптоодо

6 Жалган куран 2023 14:10 Бишкек Govori.TV

Тоолуу Карабак жикчил аймагынын полиция кызматкерлери менен азербайжан аскерлеринин ортосундагы жекшемби күнкү ок атышууда бир нече киши каза болду.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын бийлиги жекшемби күнү эртең менен азербайжандык диверсиялык топ жергиликтүү полициянын автоунаасына кол салганын, жыйынтыгында үч кызматкер өлүп, дагы бирөө жарадар болгонун билдирди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги автоунаа Армениянын аймагынан Тоолуу Карабактагы армян күчтөрүнө курал-жарак алып баратканын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, азербайжан аскерлери унааны текшерүүгө аракет кылган маалда эки жоокер каза болгон.

Өз кезегинде Тоолуу Карабактын бийлиги автоунаада курал-жарак жана ок-дары болбогонун, ал Азербайжан билдиргендей Армениядан эмес, тескерисинче Степанакерттен келе жатканын билдирүүдө.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Количество просмотров: 2481