• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

4 Бугу 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 4 6-майда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 84