• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

12 Теке 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

12-14-июль күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунун аймагында жаан-чачындын аздыгына, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу кургакчылык болуп, эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн.

Кургакчылыктын кесепетин алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлган.

Количество просмотров: 71