• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт

7 Чын куран 20249:30 Бишкек Govori.TV

6-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;

Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Айдоочулардын эсине:

Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар. Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

Количество просмотров: 129