Бишкек. 01.02.2019.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйынд Манас жана Айтматов академиясын түзүлө турганын айткан эле. Бул тууралуу жарлыкка Президент кол койду.
Жарлык “Манас” эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөөнү максат кылат.
Жарлыкта кыргыз тилинин жана «Манас» эпосунун тарыхый жана бүгүнкү ээлеген орду белгиленип, Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларынын дүйнөлүк лидерлерге, мамлекет башчыларына, коомдук ишмерлерге, илим, маданият жана искусство ишмерлерине кайрылуусун эске алып, Улуттук академия түзүлүп жатканы айтылган.
Тар чөйрөдө аталган академияга коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин келиши күтүлүп жаткандыгы айтылууда.