Торонто аэропортундагы учак оодарылып кеткен окуяда жаракат алгандардын саны 18 адамга жеткенин CTV билдирди.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча дүйшөмбү күнү түштөн кийин катталып, анда Delta Airlines авиакомпаниясынын учагы Пирсон эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесинде оодарылып кеткен. Окуядан улам аэропорт өз ишин убактылуу токтоткон.
Онтарио провинциясынын башчысы Даг Форд окуяда жабыркагандар болбогонун, бирок 18 адам ар кандай жаракаттарды алып, дарылануу үчүн медициналык мекемелерге жеткирилгенин тастыктады.