• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Торугарт» өткөрмө пунктунда жүк ташуу жанданат

3 Кулжа 2020 13:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети 8-июндан тартып ишин жандантат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, алгачкы этапта көзөмөл-өткөрмө пункт Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуу үчүн гана иштейт. Кийин бекеттин иши боюнча комушча маселелерди эки тараптын тийиштүү органдары талкуулайт.

«Торугарт көзөмөл-өткөрмө пунктун ачуу жана анын иши тууралуу деталдуу маселелер жакынкы убакытта эки өлкөнүн компетенттик органдары менен макулдашылат», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Кытай ортосунда Ош облусундагы «Эркечтам» жана Нарын облусундагы «Торугарт» автомобилдик өткөрмө бекети бар. Экөө тең коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган.

Количество просмотров: 71