• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Торугарт өткөрүү пункту убактылуу жабылды. «Женгонун» кылмыштуу тобунун өкүлдөрү кармалды

10 Бештин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы  боюнча бир суткада 379 кишиден вирус аныкталса, дагы 3 адам каза болду. Маалымат боюнча Бишкек, Талас жана Ош облусутарында бирден бейтап вирустан көз жумду. Өлкө аймагында дагы 527 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, акыркы сутканын ичинде ооруканадан чыгарылды. Муну менен Кыргызстанда жалпы 68 миң 894 адам коронавирус менен пневмониядан сакайды. Март айынан бери 76 миң 391 киши вируска чалдыгып, 1 миң 306 адам каза тапты.

ТОРУГАРТ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт – автожол» өткөрмө бекети жарандарга, транспорттук каражаттарга жана жүктөргө өткөрүү документин берүүнү 10-декабрда убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин кабарлашынча, бул жагдай Кытай тараптын демилгеси менен техникалык себептерге байланыштуу түзүлдү. Өткөрүү документтерин берүү 11-декабрдан баштап кайра жанданмакчы.

“ЖЕНГОНУН” ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча иш-чаралар уланып жатат.

Ага ылайык, жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иштеринин алкагында буга чейин соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталды. Алар: 1968-жылы туулган З.Ж. жана 1983-жылы туулган М.З. Аталган эки жаран «Женго» каймана аты бар Кадырбек Досоновдун кылмыштуу тобунун өкүлдөрү. Аларга карата Жазык кодексинин 248-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Аталган жарандар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, алар ачык түрдө уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз иштерине катышуудан баш тартышты жана мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттеништи», – деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 413