• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Торутаев: Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 900 миллион доллардан ашык товар импорттолгон

11 Бирдин айы 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 900 миллион доллардан ашык товар импорттолгон. Ал эми Кытайдын эсебинде Кыргызстанга 5,5 миллиард доллардан ашык товар жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан импорттолгон товардын көлөмү боюнча айырма 3 миллиард 600 миллион долларды түзөт.

«Былтыркы жылы Кытайдан 1 миллиард 942 миллион доллар импорт келген. Кытайдын маалыматы боюнча, 5 миллиард 556 миллион доллар импорт келген. Ортодо айырма болуп жатат. Айырманы аныкташ үчүн Кытайга билдирүү жөнөткөнбүз. Кытай ички мыйзамдарына ылайык, статистиканы өзгөртө албайбыз деп жатышат.Бул маселени 2010-жылдан бери талкуулап, аягына чыга албай жатабыз», — деди Торутаев.

Количество просмотров: 88