• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тотонов: Баш мыйзам боюнча талаш-тартыштар көп

24 Бирдин айы 2021 18:08 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзам боюнча талаш-тартыштар көп. Бул тууралуу ЖК депутаты Нурбек Тотонов билдирди.

Айтымында, депутаттар тарых үчүн болсо да Конституциялык кеңешмеге сунуштарын беришет.

«Депутаттар сунуштарын айтышат, ал эми өзгөртүүлөрдү киргизеби жокпу ал кеңешменин жоопкерчилигинде болот. Албетте бул жерде баары эле баардык жактан төп келүүсү кыйын экен. Буга чейин канча Конституция алмаштырдык, улам убакытка жараша, доорго жараша жаңы-жаңы терминдер чыгат экен, азыр да ошого жараша аракет кылып жатышат. Анан өзүбүздүн менталитетке да туура келген нерселер болуп калат. Анан анын баарын карап, тактап иштеп жатышат. Эми жалпысынан талаш-тартыш көп», — деди ал.

Тотонов кошумчалагандай, анын жеке өзүн кооптондурган нерсе аппарат жетекчи министрлер кабинетин да башкарат деген жери болууда.

Количество просмотров: 71