• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тойдон уулангандардын саны 75ке жетти

2 Чын куран 2018 1:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.04.2018. Govori.TV

“Ала-Тоо” ресторанында тоок этине уулангандардын саны учурда 75ке жетти. Бул туурасында республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Алиев  билдирди.

«Азыркы учурда ооруканага кайрылгандардын саны 75ке жетти. Алардын 11и балдар. Кайрылгандардын 22си өзүн жакшы сезип үйүнө кетти. Учурда 53 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 63 жаштагы кишинин абалы оор, учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал тойго катышкан эмес, бирок үйгө барган устуканды жеген» — дейт Аалиев.

Эске сала кетсек, 31-мартта борбордогу  “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарындан келген 190 адам катышкан үйлөнүү той өтүп, андан 41 адам тооктун этинен  ууланганы кабарланган.

Количество просмотров: 12