АКШ президенти Дональд Трамп Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин жазды. Бул тууралуу ал Truth Social платформасына жазды.
Трамп “12 күндүк согушту” токтотчу келишим этап-этап менен күчүнө кирерин билдирди. АКШ президентинин жазганына караганда, ок атуу жакынкы “алты саат ичинде” башталып, ал алгач 12 саатка созулат жана андан соң “согуш аякташ керек”.
Трамптын постунда ок атууну токтотуунун көп жагдайлары белгисиз бойдон калды
“Баарыңарды куттуктайм” деп жазды АКШ президенти.
«Расмий түрдө Иран ок атууну токтотот, анын 12-саатында Израил ок атууну токтотууну баштайт. Ал эми 24-саатында бүткүл дүйнө 12-күндүк согуштун расмий аяктаганын кубаттайт”-деп кошумчалады Трамп.
Бирок Иран жана Израилдин бийликтери бул тууралуу комментарий бере элек.
Булак: Азаттык.