• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Трамп 7 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө коюшу мүмкүн. Тизмеде Кыргызстан барбы?

22 Үчтүн айы 2020 10:39 Бишкек Govori.TV

Американын президенти Дональд Трамп 7 өлкөнүн жарандарына Америкага кирүүгө чектөө коюшу мүмкүн. Алардын ичинде Кыргызстан дагы бар. Бул тууралуу «Wall Street Journal» басылмасы билдирди.

«Трамптын администрациясы иммиграциялык чектөөлөрдү киргизүү үчүн 7 өлкөнү карап жатат. Өлкөлөрдүн тизмеси акыркы эмес, өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бул маселе менен тааныш эки адамдын маалыматы боюнча, жаңы чектөөлөр боюнча каралып жаткан өлкөлөргө Беларусь, Мьянма (ошондой эле Бирма деп таанылган), Эритрея, Кыргызстан, Нигерия, Судан жана Танзания кирет», — деп айтылат маалыматта.

Трамптын администрациясы тарабынан каралган долбоор 7 өлкөгө иммиграциялык чектөө коёт. Бирок толугу менен бул өлкөлөрдүн бардык жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салбайт. Буга чейин Американын аймагына кирүү мүмкүнчүлүгү Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарына чектелген.

Количество просмотров: 1289