• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Трамп ага импичмент жарыялоо чакырыктарын «күлкүлүү» деп атады

27 Аяк оона 2019 9:48 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен болгон телефондук сүйлөшүүсүнө байланыштуу ага импичмент жарыялоо тууралуу демократтардын чакырыктарын «күлкүлүү» деп атады.

Ал президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүүгө себеп болгон Зеленский менен 25-июлдагы телефондук сүйлөшүүсү «эң жакшы» болгонун дагы бир жолу белгиледи.

Ак үйдүн башчысы АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байденди сынга алып, анын уулу Хантер Байден Украинада иштеп, коррупциялык иштерге аралашканын билдирди.

Буга чейин Ак үй Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялаган. Ага ылайык, июлдун аягында Трамп украин лидеринен Байдендин уулуна таандык компаниянын ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырган. Буга жооп кылып Зеленский Киев тергөө иштерин баштай турганын билдирген.

Конгресстеги демократтардын көбү бул сөздөрү менен Трапм ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган деп эсептеп, ага импичмент жарыялоого жол ача турган тергөө иштерин баштоо демилгесин көтөрүшкөн.

Количество просмотров: 46