• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Трамп БУУну коронавирустан улам Кытайды жоопко тартууга чакырды

23 Аяк оона 2020 12:47 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Дональд Трамп 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-жыйынында видео кайрылуу жасады. Кошмо Штаттардын лидери анда Кытайды коронавирус пандемиясы, эл аралык макулдашууларды сактабаганы боюнча айыптады.

Ал өз сөзүндө «Кытай вирусу» деген сөздү дагы колдонду. Эл аралык коомчулукту «ушундай тумоону» таратканы үчүн Бээжиндин жоопкерчилигин кароого чакырды. Трамп «Кытай оору жаңыдан жайыла баштаганда эл аралык каттамдарды жаппай коюп, илдеттин жайылып кетишине өбөлгө түзгөн» деп билдирди.

Трамп ошондой эле БУУда COVID-19 боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) да күнөөлөдү.

Трамптан кийин сөз сүйлөгөн Кытайдын өкүлү АКШнын дооматтарын «таптакыр негизсиз» деп четке какты.

Трамп видео кайрылуусун Вашингтондо, Ак үйдө алдын-ала жаздырып койгон. Башкы Ассамблеяда сөз сүйлөгөн дүйнө лидерлеринин баары ушундай ыкманы колдонгон. Май айында эле БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш мамлекет башчыларын Нью-Йоркко келбөөгө, видео кайрылууларын алдын-ала жөнөтүп коюуга чакырган.

Теги:
Количество просмотров: 52