• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Трамп Эрдоганга: Акылсыз болбо жана өзүңдү кыйын көрсөтпө

17 Тогуздун айы 2019 15:18 Бишкек Govori.TV

Түркия Сириянын түндүгүндөгү операциясын баштаган күнү – 9-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп түрк лидери Режеп Эрдоганга кат жөнөткөн. Анда ал түрк президентин «акылсыз болбоого» жана «өзүн кыйын көрсөтпөөгө» чакырган.

CNN телеканалы жарыялаган каттын текстине ылайык, Трамп Эрдоганды Сириянын түндүгүндөгү күрддөрдүн жетекчилиги менен өз ара пайдалуу макулдашууга барууга көндүрүүгө аракет кылган. Ошондой эле ал түрк армиясы Сириянын аймагына чабуул баштаса, миңдеген адамдардын өлүмү үчүн Түркиянын президенти жооптуу болорун эскертип, АКШ санкциялары менен түрк экономикасын «талкалай» турганын айткан.

Бул каттын аныктыгын Ак үйдүн өкүлдөрү ырасташты.

Түркиянын күрддөрдүн көзөмөлүндөгү аймактарга жортуулу 9-октябрда башталган. Ага чейин Трамп менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүп, америкалык аскерлер Сириянын түндүгүнөн чыгарыла баштаган. Ушул жуманын башында күрддөр аскердик колдоо сурап Сириянын өкмөтүнө кайрылган.

15-октябрда АКШ Түркиянын Энергетика жана Коргоо министрликтерине алгачкы санкцияларды киргизген. Кошмо Штаттардын каржы министри Стивен Мнучин экономикалык кысым уланарын билдирди.

Количество просмотров: 124